super.kg logo

Ташиев, Нурлан Насип, Салахидинова... Бүгүн кайсы атактуунун баласы 1-класска барды?

 

Бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнү. Бүгүн өлкөбүздөгү бардык мектептер эшигин ачып, окуучуларды өзгөчө шаң менен тосуп алды.

Баланын жашоосундагы жаңы этаптын башталышына ар бир ата-эне толкунданып жатса керек. Бул жолу балдарын 1-класска алып барган жылдыздарды тизмектеп көрдүк.


Быйыл ырчы Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын кызы Дария 1-класска барды. Бул тууралуу ырчылар социалдык тармактагы баракчасында жарыялашты.

"Бүгүнкү кубанычтуу күнүбүз менен бөлүшкүбүз келди. Кызыбыз 1-класстын босогосун аттады",- деп жазышты ырчылар.

Ырчы Айнура Салахидинованын кызы Айкен Арзыкулова да мектеп босогосун аттады.

"Бүгүн Айкена кызым мектеп босогосун аттады. Аябай толкундандым, ыйладым! Кызым биринчи коңгуроону какты. Балдарыбыздын келечеги кең болсун! Билим дүйнөсүндө жалаң “5” деген баага окусун!",- деп жазды ырчы айым.

Айпери Калыкованын экинчи уулу Раян 1-класска аттанды. "Көптөн бери ата-энелер күтүп, даярданган күн келди, ээ? Мектептеги “линейканы” жакшы өткөрүп алдыныздарбы?",- деп билдирүү калтырды Калыкова.

Эркеайым Абдуллаева менен Тай-Мурас Ташиевдин баласы да быйыл мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу Абдуллаева социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Ырчы Самат Муратбековичтин кызы Ая дагы 1-класска баргандардын катарында. Бул тууралуу ырчынын жубайы Жылдыз Садыр кызы билдирди.

Ырчы Минур Алтынбеков уулу да 1-класска барганын маалымдады.

"Бүгүн биздин үй-бүлө үчүн өзгөчө күн! Балабыз мектеп босогосун аттап, 1-класска барды. Алдыда жаңы билим, жаңы достор, жаңы жеңиштер күтүп турат! Келечегиң кең болсун, уулум",- деп жазды ырчы мырза.

Ырчы Арсендин тун кызы да быйыл 1-класска барды. Бул тууралуу ырчынын жубайы Бегайым Абышева социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: