super.kg logo

Ташиев Жалал-Абадда окуучуларга тарбиялык саат өттү (видео)

 

Бүгүн, 1-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында Сатыбалды Давлетов атындагы №14 мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Анда ал 11-класстын окуучуларына тарбиялык саат өтүүгө да жетишти. Ташиев балдарды билим алууга үндөдү.

"Эмдиги жылы окууну бүткөндө негизги маселе - бул силердин турмушка болгон даярдыгыңар. Ал эмне менен аныкталат? Негизинен, биринчи билим, экинчи тарбия менен аныкталат. Билимдүү болбосоңор азыркы заманда дароо билинип, коомдо бөлүнүп каласыңар. Ошондуктан жакшы окуп, тил үйрөнгүлө. Азыр замандын талабы мурдагыдан башкача",- деди ал.

Ошондой эле атайын кызматтын башчысы балалыгын эске алды.

"Мен 11 балалуу үй-бүлөдө тарбияланган кедей-кембагалдын баласымын. Атамдын дыйкан болгонун өмүр бою айтып, аны менен сыймыктанып келем. Ата-энем бизди жакшы тарбиялап, окуткан",- деп белгиледи ал.






01.09.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: