Садыр Жапаров Кытайдагы ШКУ саммитинде сөз сүйлөдү
Бүгүн, 1-сентябрда президенти Садыр Жапаров Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясы билдирди.
Садыр Жапаров кабыл алынып жаткан документтер, анын ичинде Тяньцзинь декларациясы жөнүндө айтып жатып, макулдашууларды ишке ашыруу уюмдун көп пландуу ишмердүүлүгүн мындан ары активдештирүүгө жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
ШКУнун эл аралык аброюна басым жасаган президент уюм көп тараптуу бирикме катары калыптанып, БУУнун борбордук ролу менен эл аралык укукка негизделген дүйнөлүк тартипти ырааттуу түрдө жактап жатканын айтты.
Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге жана Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилиши жөнүндө келишимге кол коюлганы буга далил боло аларын белгиледи.
"Бул чечимдер мамлекеттердин "Шанхай рухун" жетекчиликке алып, эң сезимтал маселелер боюнча да өз ара макул болгон чечимдерди таба аларын айкын көрсөттү. Муну менен региондогу туруктуулукту, коңшулук мамилени жана узак мөөнөттүү өнүгүүнү чыңдоого өбөлгө түзүлүүдө",- деди мамлекет башчысы.
Мындан тышкары президент Кыргызстан эртең ШКУга төртүнчү төрагалыгын баштай турганын жана уюмдун түптөлүшүнө салым кошкон мамлекет катары муну анын өнүгүүсүнө жаңы дем берүү, анын глобалдык ролун бекемдөө, ошондой эле достук жана ынак коңшулаштыкты мындан ары тереңдетүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү катары караарын белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстандын төрагалыгы "ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө бирге" деген ураандын астында өтөрүн баса белгилеп, ошондой эле артыкчылыктуу багыттарды белгиледи.
"Кыргыз төрагалыгы ошондой эле эл аралык автомобиль жана темир жол ташуулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштайт. Бул жаңы транспорттук каттамдарды түзүүнү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдаланууну да карайт",- деп белгиледи президент.
Ал ошондой эле санариптештирүүнү артыкчылыктуу багыт катары белгиледи. Алдыдагы төрагалыгынын жүрүшүндө Кыргызстан ШКУнун Жаштар санариптик форумун өткөрүүнү сунуштайт жана Уюмдун аймагында санариптик трансформацияга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз салымын кошууга даяр.
Мамлекет башчысы өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туш болуп жатканын, бул абстрактуу коркунуч эмес, реалдуулук экенин айтып, ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттери глобалдык жылуулукту кармап турууда маанилүү ролду ойной турганын баса белгиледи.
Президент кыргыз тараптын төрагалыгынын мезгилинде Ысык-Көл жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата шаары ШКУнун туристтик жана маданий борбору болуп бекитилерин белгиледи. Анын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинде көрүнүктүү жазуучу жана азыркы замандын ойчулу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн юбилейлик Ысык-Көл "интеллектуалдык" форуму пландаштырылган.
Мамлекет башчысы ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий-спорттук делегацияларын 2026-жылдын күзүндө Кыргызстан өткөрүүнү пландаштырып жаткан кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Соңунда Президент Садыр Жапаров кыргыз төрагалыгы жалпы максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн ШКУга мүчө бардык мамлекеттер, байкоочулар, диалог боюнча өнөктөштөр жана уюмдун туруктуу иштеген органдары менен активдүү иш алып барарын баса белгилеп, мамлекет башчыларын Бишкекте өтө турган ШКУнун кийинки саммитине катышууга чакырды.
Өз кезегинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Кыргызстандын төрагалыгына ийгилик каалашты.


