super.kg logo

Анапа шаарындагы мейманканада жети бала хлорго ууланды

 

Орусиянын Анапа шаарындагы мейманканада жети бала хлорго ууланды. Алардын төртөөсү реанимацияга түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Туристтер Morea Family Resort & Spa комплексинде болгон. Ал жерге Краснодардан келген үй-бүлө 4 күнгө 52 миң рубль төлөгөн. Эс алып жаткан София кызы менен бассейнде сүзүп жатып, аммиактын жытын сезген. Ал кызы жана башка эс алуучулар бассейнден бат эле чыгып кетишкен, бир аздан кийин мейманкананын кызматкерлери коркунучу жок экенин, жөн гана суу ичүү керектигин айтышкан.

Бирок окуядан кийин сууда болгондордун бардыгында уулануу белгилери байкалган: алсыздык, кусуу жана катуу жөтөл. Кээ бирлери эсин жоготуп коюшкан. Туристтердин айтымында, мейманкананын администраторлору "Тез жардам" чакырып же жардам сунушташкан эмес. Натыйжада жети бала ооруканага жеткирилген. Алардын төртөө реанимацияга түшкөн. Эң кичүүсү 2 жашта. Эс алуучулар мейманкананын администрациясы алардан кечирим сурабаганын жана компенсация төлөбөгөнүн айтышууда. Натыйжада алар сотко чейинки доо арыз менен кайрылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: