super.kg logo

Майлы-Суу айнек заводу жаңы жабдуулар менен ишке берилди (видео)

 

Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу айнек заводу 1 миллиард сом бюджеттик каражаттын эсебинен толук жаңыртылып, жаңы жабдуулар менен ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, заводдун өндүрүш аянты 2412 чарчы метрди түзүп, жаңы имарат курулуп жана мурдагысы реконструкцияланды.

Ишканада 280 тонна кубаттуулуктагы заманбап айнек эритүү меши жана Германиядан алынып келген HEYE маркасындагы формалоочу машина орнотулду. Бул жабдуунун жардамы менен күнүнө 150–200 миң даана продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Завод тар жана кең ооз банкаларды, ошондой эле жеңилдетилген бөтөлкөлөрдү чыгара баштады. Жаңы технологиялар өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп, жергиликтүү экономикага салым кошуу менен катар экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.






айнек завод

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: