super.kg logo

 Си Цзиньпин глобалдык башкаруу боюнча демилге көтөрдү

 

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин ШКУнун кеңейтилген жыйынында глобалдык башкаруу боюнча демилге көтөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Мен глобалдык башкаруу боюнча демилге көтөрүп, бардык өлкөлөр менен биргеликте адилеттүү жана тең укуктуу глобалдык башкаруу тутумун түзүүгө, ошондой эле адамзаттын жалпы келечеги бар коомчулугун курууну каалайм",- деди Кытай лидери.

Си Цзиньпин ошондой эле Пекин ШКУга мүчө башка мамлекеттерди кагылышуулардан баш тартуу принцибин карманууга жана үчүнчү тараптарга каршы багыттабоого чакырарын белгиледи. Анын айтымында, уюмга мүчө өлкөлөр эл аралык адилеттүүлүктү коргошу жана көп уюмдуу дүйнөнү түзүүгө салым кошушу керек.

ШКУ саммити 31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүүдө. Саммитке мамлекет башчысы Садыр Жапаров да катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: