ШКУда Израил менен АКШнын Иранга жасаган чабуулу талкууланды
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер июнда АКШ жана Израил тарабынан Иранга карата жасалган аскердик чабуулдарды айыпташты. Бул тууралуу Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУ саммитинин жыйынтыктоочу декларациясында айтылды.
"Жарандык жана өзөктүк объекттерге кол салуу – эл аралык укукту жана БУУ уставын одоно бузуу болуп саналат, Ирандын эгемендүүлүгүнө шек келтирет",- деп жазылат документте.
Ошондой эле ШКУ өлкөлөрү куралдуу жаңжал маалында өзөктүк инфраструктуранын коопсуздугун камсыздоону талап кылышты.
ШКУга мүчө мамлекеттер Ирандын ядролук программасына байланышкан кризисти жөнгө салуу боюнча конструктивдүү диалог жүргүзүүгө чакырышты жана кырдаалды курчутпоону белгилешти.
Эске салсак, 13-июндан баштап Израил Иранга бир нече чабуул жасаган. Натыйжада, бир нече өзөктүк физиктер жана жогорку даражалуу аскер кызматкерлери өлтүрүлгөн. Израил армиясы бул илимпоздор Ирандын өзөктүк программасы боюнча иш жүргүзүп жатканын билдирген. 22-июнга караган түнү АКШ аскерлери Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу үч жайга - Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы объекттерге абадан сокку урган. Трамп өз кайрылуусунда ирандык өзөктүк объекттер "жок кылынды" деп билдирген.
Иран тарап чабуул болгонун ырастап, бирок олуттуу зыян келтирилбегенин билдирген.
БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) Иранда уран байытуу боюнча өндүрүш жана технологиялык мүмкүнчүлүктөр сакталып калганын жана аларды бир нече айдын ичинде кайра жандандыруу мүмкүн экенин билдирген.
