Кыргызстанда биринчи жолу “Ага Хан” архитектуралык сыйлыгы тапшырылат




Бишкекте 14-16-сентябрь күндөрү архитектура тармагындагы эң беделдүү эл аралык “Ага Хан” сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Курулуш министрлиги бүгүн, 1-сентябрда билдирди.
Маалыматта бул иш-чара Кыргызстан менен “Ага Хан” өнүктүрүү уюмунун кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналып уюштурулуп жатканы айтылат.
Ушул жылдын июль айында курулуш министри Нурдан Орунтаев “Ага Хан” сыйлыгынын директору Фаррох Дерахшани менен жолугуп, иш-чара-боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.
Ага дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген 150дөн ашык расмий өкүлдөр, архитекторлор жана окумуштуулар, Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген коноктор катышат. Алар архитектуранын туруктуу өнүгүүсүн, климаттык өзгөрүүлөргө адаптация жана жашоо сапатын жогорулатуудагы ролун талкуулайт.
“Ага Хан” сыйлыгына жалпы 369 долбоор сунушталган болсо, учурда 16 өлкөдөн 19 финалист тандалып алынган. 2025-жылдагы жеңүүчүлөр 1 миллион доллар өлчөмүндөгү сыйлык акчасын бөлүшөт. Сыйлык тапшыруу аземине чейин Бишкекте көргөзмөлөр, лекциялар өтүп, иш-чара 16-сентябрда эл аралык семинар менен аяктайт",- дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, “Ага Хан” сыйлыгы үч жылда бир берилүүчү архитектура тармагындагы эң беделдүү эл аралык сыйлыктардын бири. Бул сыйлык 1977-жылы Ага Хан IV тарабынан негизделген жана негизги максаты - мусулман коомдорунун маданий мурасын, архитектурасын жана жашоо чөйрөсүн жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоо.
Аталган сыйлыкты тапшыруу аземи Кыргызстанда биринчи жолу өтөт, ал эми буга чейин Борбор Азия боюнча биринчи жолу Самарканд шаарында 1992-жылы уюштурулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.