super.kg logo

Иран менен МАГАТЭ сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүнү пландаштырууда

 

Иран Атомдук энергия боюнча уюмунун башчысы Мохаммад Эсламинин билдирүүсүнө караганда, Иран менен Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) кызматташууну калыбына келтирүү боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдүн раундун өткөрүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу IRNA агенттиги жазып чыкты.

Эсламинин айтымында, учурда Иран Тышкы иштер министрлиги менен МАГАТЭ ортосунда эки жолу жолугушуу өткөн, учурда үчүнчү жолугушуу пландалууда.

Иран МАГАТЭнин өзөктүк объекттерге инспекция жүргүзүүсүнө тыюу салганы менен орус адистери тарабынан курулган Бушер АЭСинде отун алмаштыруу процессин көзөмөлдөө үчүн MAГАТЭнин эки инспекторуна убактылуу уруксат бергенин билдирди.

"Бул текшерүү Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчылыгынан уруксат алынгандан кийин жүргүзүлдү. Эки инспектор келип, процессти көзөмөлдөп, кайра чыгып кетишти",- деп түшүндүрдү ирандык аткаминер.

Эске салсак, 13-июнда Израил Иранга карата аскердик операция баштаган. Жооп катары Иран да сокку урган. 22-июнда АКШ жаңжалга кошулуп, Ирандын Исфахан, Натанз жана Фордо шаарларындагы өзөктүк объекттерине сокку жасаган. Иран мунун жообу катары 23-июнда Катардагы АКШнын "Аль-Удейд" аба базасына чабуул койгон.

Бул окуялардан кийин, 24-июнда ок атышууну токтотуу режими жарыяланган. Бирок МАГАТЭ тарабынан Израил жана АКШнын Иранга жасаган соккуларына карата ачык айыптоонун жоктугу Иранда катуу сынга кабылган.

Натыйжада, 2-июлда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан МАГАТЭ менен кызматташууну токтотуу жана инспекцияларга тыюу салуу тууралуу мыйзамга кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: