Тармактык комитет Канат Сагынбаевдин талапкерлигин колдоду
Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Канат Сагынбаевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Анда талапкерди депутаттарга президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Талкуу маалында комитет төрайымы Винера Раимбачаева, депутат Аида Исатбек кызы бул тармактын өзгөчө сезимтал экенин, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек рыногун өнүктүрүү жана эмгек мигранттарынын укуктарын камсыз кылуу маселелеринин артыкчылыгын баса белгилешти.
Ал эми эл өкүлү Камила Талиева Орусиядагы мекендештердин укуктук абалын жакшыртуу маселесин ортого салып, ал жактагы министрликтин өкүлчүлүгүнүн ишин күчөтүүнү табыштады.
Өз кезегинде депутаттар Гүлсүнкан Жунушалиева, Советбек Рустамбек уулу жана Гүлкан Молдобекова аймактардагы социалдык камсыздоо системасын өнүктүрүү керектигин кошумчалашты.
Жыйынтыгында комитет президенттин сунушун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.
Белгилей кетсек, Сагынбаев эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп 25-августта дайындалган.


