super.kg logo

Ош шаарындагы мектептер окуучуларга эшигин ачты (фото)

 
Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарындагы мектептерде жаңы окуу жылы башталып, майрамдык линейкалар өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Мэр Жеңишбек Токторбаев Навои мектебиндеги салтанаттуу иш-чарага катышып, жалпы окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.
Калаа башчы мугалимдердин түйшүктүү жумушуна ийгилик каалап, ата-энелерди тыгыз, ынтымакта иштешүүгө чакырды. Быйыл шаардагы мектептерге 5 миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды. Ал эми 2-класстар 8 миңге жакын. Бул жылы Ош шаарындагы 70 мамлекеттик, 52 жеке менчик мектепте 110 миңден ашык окуучу билим алат.
Эскерте кетсек, жаңы окуу жылында Кыргызстандагы мектептер “Алтын казык” программасы менен билим берүүнү баштады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: