super.kg logo

Зеленский Парижде Европа лидерлери менен жолугушат

 

Украина президенти Владимир Зеленский 4-сентябрда Парижде өтө турган европалык лидерлердин жолугушуусуна катышууну пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Франция президенти Эммануэль Макрондон тышкары, жыйынга катышуучулардын арасында Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да бар экени айтылууда.

Мунун алдында Financial Times басылмасы Евробиримдиктин лидерлери менен НАТОнун баш катчысы 4-сентябрда Парижде Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу маселесин талкуулай турганын жазган. Жолугушуу Макрондун демилгеси менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү улантуу максатында уюштурулууда.

The Telegraph гезити жазгандай, АКШнын жогорку кызмат адамдары Евробиримдиктин лидерлерине нааразы болуп жатат. Анткени алар Зеленскийди тынчтык келишимине жетишүүдө реалдуу эмес талаптарга түртүп жатышканын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: