Москвада аял жаңы төрөлгөн ымыркайын ажатканага таштап кетти

Москвада жаңы төрөлгөн ымыркайын ажатканага таштап кеткен энеге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аял өз уулун өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө.
Тергөөнүн билдиргени боюнча, шектүү 30-августта Москва шаарынын Теплы Стан көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринде көз жарып, андан кийин наристени ажатканага таштап кеткен. Аны менен бирге жашаган кыз "Тез жардам" кызматын чакырып, ымыркай тез арада шаардык ооруканага жеткирилген.
Белгиленгендей, шектүү дагы шаардык ооруканалардын бирине жеткирилген. Дарыгерлердин уруксатынан кийин борбор калаанын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү аны суракка ала башташат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.