Трамп Нетаньяхуга Газадагы чабуулдарды күчөтүүнү тапшырды
АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга "Хамас" макул болду делген жарым-жартылай туткун алмашуу келишимин кабыл албоону жана Газадагы чабуулдарды күчөтүүнү айтты деген доомат чыкты. Бул тууралуу I24 телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, Коопсуздук кабинетинин жыйынында Израил менен Хамас ортосундагы туткун алмашуу жана убактылуу ок атышууну камтыган келишим сунушу талкууланган.
Жыйында Башкы штабдын жетекчиси Эял Замир менен айрым министрлер ортосунда чыңалуу болгон. Нетаньяху болсо жарым-жартылай келишим күн тартибинде жок экенин билдирген.
Аз сандагы катышуучулар, анын ичинде Башкы штабдын жетекчиси Замир жана тышкы иштер министри Гидеон Саар келишимди колдогонун айткан.
"Президент Трамп мага жарым-жартылай келишимден баш тартууну айтты. Бардык күчүң менен (Газага) кир жана бүтүр деди", - деди Нетаньяху жыйында.
Эске салсак, буга чейин Израил маалымат каражаттары Трамп Тель-Авив бийлигине "Хамасты жеңүү" боюнча басым жасап жатканын, Нетаньяху ошондуктан Газаны толук басып алууга умтулуп жатканын жазган.
Ал эми Египет менен Катар 18-августта сунушталган ок атышуу жана туткун алмашуу келишимине Хамас макул болгонун билдирген. Нетаньяхунун өкмөтү болсо арадан эки жумадай убакыт өтсө да бул сунуш боюнча жооп бере элек.
