super.kg logo

Ооганстанда жашыруун сулуулук салондоруна каршы күрөш башталды

 

Ооганстанда жашыруун иштеп жаткан сулуулук салондорун жабуу тууралуу буйрук чыкты. Бул тууралуу The Guardian жазды.

Жашыруун салондорду башкарган аялдарга бир ай ичинде салондорду жабуу талап кылынды, болбосо алар кармалышы мүмкүн.

Маалым болгондой, Ооганстанда 2023-жылдын август айынан баштап расмий түрдө сулуулук салондору жабылган, бул 12 миңден ашык ишкананын ишин токтотууга жана 50 миңден ашык аял-косметологдордун жумушсуз калышына алып келген.

Катаал чараларга карабай, өлкөнүн ар кайсы жерлеринде жашыруун салондор иштеп келген, бирок азыр талибдер аларды толугу менен жоюуну көздөшүүдө.

Коомчулуктун лидерлери менен аксакалдарга мындай салондорду таап, ээлери жөнүндө маалымат берүүгө тапшырма берилди.

The Guardian жазгандай, 38 жаштагы Фреста аттуу аял үч баласы менен салонун жашыруун иштетип келген.

"Талибдер сулуулук салондорубузду жаап салганда, мен үй-бүлөдө акча тапкан жалгыз адам элем, күйөөм ооруп калган, үч балабыз бар. Бардык чыгымдар мага жүктөлгөн", — дейт ал.

"Азыр мен уланта албайм деп ойлойм, себеби тобокелдик өтө чоң, бирок башка жумушту билбейм. Биздин абал өтө оор, бул дүйнөдө биздин үнүбүздү уккан же колдогон адам жок", — деген Фреста.

Эске салсак, Ооганстанда аялдарга күйөөсү же коштоп жүргөн эркек тууганы жок сейил бактарга барууга, билим алууга, спорт менен машыгууга жана телесериалдарга тартылууга тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: