super.kg logo

Орусиядан келген делегация Жалал-Абаддагы сейил бакта көчөт отургузушту

 
Өлкөнүн эгемендик майрамына Орусиядан келген делегация Жалал-Абад шаарындагы "Достук" сейил багына барышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депуттары Шайырбек Ташиев, Кундузбек Сулайманов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары жана Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация кеңешинин комитетинин төрайымы Лилия Гумерова, бокс боюнча дүйнө чемпиону Николай Валуев, фигуралык муз тебүү боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону, он жолку дүйнө чемпиону Ирина Роднина, шахмат боюнча дүйнө чемпиону Сергей Карякин, учкуч-космонавт, Советтер Союзунун баатыры Федор Юрчихин, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Орусия президентинин чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын начальниги Игорь Маслов катышты.
Орусиядан келген делегация алгач сейил бакка көчөт отургузуп, андан соң жаш шахматчылар менен бирге шахмат ойноп, чакан концерттик программага күбө болушту.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: