Камчыбек Ташиев: "Мугалим чылым чекпеши керек" (видео)
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мектеп жетекчисине ичимдик ичкен, чылым чеккен мугалимди жумушка албоону тапшырды.
Айта кетсек, төрага бүгүн, 1-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы №14 мектептин 700 орундуу жаңы имаратын ачып, окуучуларга тарбиялык саат да өттү.
"Мугалим чылым чекпеши керек. Бир дагы мугалимдин бир жерде отуруп арак ичкенин көрбөшүбүз керек. Тек гана мектепте эмес, башка жерлерде дагы. Мугалим арак ичпеши, чылым чекпеши, жаман жолдо жүрбөшү зарыл. Эгер ошондой мугалимдер болсо, мектепке албагыла. Биз бул жерге балдарга билим, тарбия берсин деп мугалимдерди топтойбуз",- деди Ташиев.
01.09.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.