Кабарга караганда, Facebook аркылуу тургун шаар жетекчилигине кайрылып, Горький көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жана Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү бузулууларды жоюуну өтүнгөн.
Шаар мэри жерине барып, подрядчы уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.
"Горький көчөсүн бойлой Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин 2024-жылы жол реконструкцияланып, кыска мөөнөттө мыйзам бузууларды жоюу боюнча жеринде тапшырмалар берилген. Подрядчылардын айтымында, жол оңдоо иштеринин мөөнөтү бир жуманы түзөт. Аталган тилкенин так жабылуу күнү кошумча маалымдалат.
2024-жылы Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн боюндагы жылуулук тармактары реконструкцияланган. «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасына жана подрядчыларга системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү жана жолдун жараксыз бөлүгүн алмаштыруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды", - деп билгилешти мекемеден.
Тургун кайрылган. Жунушалиев Горький көчөсүнүн бир бөлүгүн текшерди



Бишкек мэриясы калаа башчысы Айбек Жунушалиев Горький көчөсүнүн бир бөлүгүн текшерип чыкканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.