Ким Чен Ындын поезди Кытай чек арасын кесип өттү
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган аскердик парадга катышуу үчүн Бээжинге келе жатат. Ал жерде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Орусиянын президенти Владимир Путин жана башка лидерлер менен жолугары күтүлүүдө.
Ким Пхеньян шаарынан дүйшөмбү күнү кечинде чыккан. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүктөн, атайын поезд жай жүрүп жатат жана Түштүк Кореянын Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, жол жүрүү 24 саатка чейин созулушу мүмкүн.
Алдыда өтө турган парадга Түндүк Корея лидери 1959-жылдан бери биринчи жолу катышып жатат. Ким Чен Ын өзү акыркы жолу Бээжинге 2019-жылы барган.
Yonhap агенттиги белгилегендей, бул сапар Түндүк Корея режими үчүн Кытай жана Орусия менен байланышты чыңдоого, ошондой эле эл аралык обочолонуусун азайтууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле байкоочулардын пикиринде, Кимдин Си жана Путин менен бирге аскердик парадга катышуусу анын АКШ менен болочок сүйлөшүүлөрүндө позициясын бекемдөөгө жардам бериши мүмкүн. Дональд Трамп буга чейин Ким Чен Ын менен диалогду кайра жандандырууга даяр экенин бир нече жолу билдирген.
