Чүйдөгү жатак-мектептин мугалимдерине жаңы ноутбуктар тапшырылды
Билим күнүнө карата Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин кароосусуз калган балдар үчүн жатак-мектепке агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев барып, мугалимдер менен тарбиячыларга ноутбуктарды тапшырды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.Иш-чаранын жүрүшүндө Баймурзаев тарбиялануучулар менен маектешип, алардын билим жолунда ийгиликтерди багынтуусун каалап, балдардын келечегине жылуу каалоо-тилектерин билдирди.
Министрдин биринчи орун басары мектептин имараттарын жана материалдык-техникалык базасын да көрүп, азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты.
Белгилей кетсек, 2025-жылы жатак-мектепке 20 миллион сом бөлүнгөн, бул каражаттын эсебинен жатак-мектептин имараттары жаңыланып, шарттарын жакшыртылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















