Бельгия БУУнун сентябрь айындагы сессиясында Палестинаны мамлекет катары тааныйт
Бельгия БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сентябрь айындагы сессиясында Палестинаны мамлекет катары тааныйт. Бул тууралуу Бельгиянын тышкы иштер министри Максим Прево X социалдык тармагына жазды.
Министр белгилегендей, Палестинаны таануу — Франция жана Сауд Арабиясы тарабынан көтөрүлгөн биргелешкен демилгенин алкагында ишке ашат. Ошол эле учурда Израилге карата Брюссель тарабынан санкциялар киргизилери да маалымдалды.
Палестинаны таануу боюнча алгачкы билдирүүнү Франциянын президенти Эммануэль Макрон жасаган. Ал мындай кадам Газа тилкесиндеги согушту токтотуу жана калкка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн керектигин баса белгилеген.
Андан соң Канада жана Австралия да Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары таанууга даяр экенин билдиришкен. Бул өлкөлөрдүн дипломаттары Газа тилкесиндеги маселени аскердик эмес, саясий жол менен чечүүнүн зарылдыгын белгилешүүдө.
