Жерде магниттик бороон-чапкындар башталды
Жерде планетардык масштабдагы магниттик бороон-чапкындар башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Алдыда геомагниттик индекс көбөйүшү күтүлүүдө, анткени кээ бир станциялардан G2-G3 деңгээлиндеги бороон-чапкындар тууралуу маалыматтар келип жатат.
Негизги полярдык жарыктын аймагы Скандинавия өлкөлөрүндө жана Канаданын аймагында түзүлөт.
Илимпоздор буга чейин Күндөн эки плазма агымы чыкканын жана күчтүү жарылуу болгонун билдиришкен. Биринчи орто өлчөмдөгү плазма булуту Меркурий менен Венеранын багытында кыймылдаса, экинчиси түздөн-түз Жерге карай келген. Негизги магниттик бороон ушул экинчи агымдан келип чыккан.
Бул көрүнүштөр энергетикалык системдердин иштешине терс таасир берет. Күчтүү магниттик бороон-чапкындар кыска толкундуу байланышта жана навигация системдеринде бузулууларды, ошондой эле өндүрүштүк тармактардагы электр чыңалуу көйгөйлөрүн жаратышы мүмкүн.
Бирок азырынча магниттик бороон-чапкындардын адамдардын ден соолугуна канчалык таасир этери боюнча так жана бирдиктүү маалымат жок.
