super.kg logo

МАГАТЭ Сирияда уран издерин аныктаганын билдирди

 

Эл аралык атомдук энергия агенттиги (МАГАТЭ) Сириянын Дейр-эз-Зор аймагында уран издерин тапты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

2018-жылы Израил 2007-жылдын сентябрында Сирияда куруп жаткан ядролук реакторго сокку урулганын ачыкка чыгарган. Бирок ал учурда Сириянын мурдагы бийлиги жашыруун ядролук реактор түзүүгө аракет болгонун төгүндөгөн.

МАГАТЭнин отчётунда белгиленгендей, Бириккен Улуттар Уюмунун ядролук көзөмөл органы Израилдин 2007-жылы талкалаган имараттын максатын иликтеп жатып, ал имарат "белгисиз ядролук реактор" болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген.

2024-жылы Сирияда бийлик алмашкандан кийин, МАГАТЭ аталбаган үч жерден үлгүлөрдү алган. Бул жайлар Дейр-эз-Зор менен байланыштуу болушу ыктымал экени айтылууда. Үч үлгүнүн биринде уран табылган. Азыркы Сирия бийлиги Дейр-эз-Зордогу урандын келип чыгышын түшүндүрө албай турганын айтууда.

Учурда МАГАТЭ Сириядагы жашыруун ядролук программаны иликтөө алкагында аталган аймактан жаңы үлгүлөрдү алууну пландоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: