Вьетнам 80 жылдык көз карандысыздыгын чоң парад менен белгиледи (фото)







Бүгүн, 2-сентябрда Вьетнам көз карандысыздыгынын 80 жылдыгын белгиледи. Reuters агенттиги кабарлагандай, Ханой шаарында акыркы ондогон жылдардагы эң ири аскердик парад болуп өттү.
Майрамга карата өлкө бийлиги өзүнүн 100 миллиондон ашуун жарандарына ар бирине 3,8 АКШ доллар өлчөмүндө акчалай төлөмдөрдү бөлүп берди жана 13,9 миңден ашык камактагыларды бошотту.
Баш калаанын көчөлөрүндө кызыл көйнөк кийген, көпчүлүгү желектерди кармаган миңдеген адамдар топтолушту. Парадда эң заманбап аскердик техника, тагыраагы, танктар, ракета системдери, тик учактар жана реактивдүү учактар көрсөтүлдү. Миңдеген вьетнамдык аскерлер менен Кытай, Орусия жана башка өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү да катышты.
Параддын ачылышында Вьетнам Коммунисттик партиясынын лидери То Лам: "Биз мекенибиздин көз карандысыздыгын, эркиндигин, суверендүүлүгүн жана территориалдык бүтүндүгүн коргоодо бекем турабыз",- деп билдирди.
Эске салсак, 1945-жылдын 2-сентябрында Хо Ши Мин көз карандысыздык жөнүндө тарыхый декларациясын жарыялаган. Анда Август революциясынын ийгилиги, Япониянын жана Франциянын дээрлик кылымдык колониалдык баскынчылыгынан боштондук алынганы, демократиялуу республика түзүлгөнү айтылган.
