super.kg logo

Алайда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине даярдыктар кызуу жүрүүдө (фото)

 
Алай районунда Кокон хандыгынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине карата даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Бул маараке министрлер кабинетинин 16-июндагы тескемесине ылайык, улуттук деңгээлде белгиленмекчи.
Учурда Чыйырчык ашуусуна Алымбек датка менен Курманжан датканын эстеликтери орнотулуп, иштер соңуна чыгууда. Ошондой эле Алай районундагы эс алуу бактары, музей жана маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дээрлик даяр болду.
Президенттин администрациясынын өкүлдөрү жана Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Алай районуна иш сапар менен барып, иш-чаралар өтө турган жерлерди кыдырып чыгышты. Жумушчу топко иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча так тапшырмалар берилди.
Белгилеп кетсек, маараке 11-12-сентябрда өтүп, анын алкагында театрлаштырылган көрсөтүүлөр, гала-концерт, эл аралык “Айтыш” сынагы, улуттук оюндар жана көргөзмө-жарманкелер сыяктуу бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: