Улуу Британия качкындардын үй-бүлө бириктирүү өтүнмөлөрүн убактылуу токтотот
Улуу Британиянын ички иштер министри Иветт Купер адилетсиз болгондугу жана турак-жайсыздыкка алып келгендиги үчүн качкындардын үй-бүлө бириктирүү өтүнмөлөрү жаңы эрежелер чыкканга чейин убактылуу токтотуларын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 2024-жылдын июлунан бери 35 миң адам өлкөдөн чыгарылган. Азыр бир өтүнмө орто эсеп менен 54 жума каралса, жаңы мыйзам долбоору бул мөөнөттү 24 жумага кыскартат. Миграциялык даттанууларды көз карандысыз жаңы орган карайт.
Буга чейин качкындар үй-бүлөсүн 1-2 жылдан кийин гана алып келчү, азыр болсо чечим чыккан соң 1 айдын ичинде эле мүмкүн болуп калды. Натыйжада үй-бүлөлөр турак-жайсыздык боюнча жардам сурап кайрылышууда, айрым аймактарда бул көрсөткүч 25 пайызды түзөт.
