Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Бул бөлүмдө бордюрлар орнотулуп, жол белгилери түшүрүлдү жана орнотулду, ошондой эле эки катмар асфальт төшөлдү.
Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Толстой көчөсүнүн төмөнкү тилкелери убактылуу жабылды:
- Асаналиев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин;
- Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейин.
"Айдоочуларды жана шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранабыз",- дешти мэриядан.