super.kg logo

 WSJ: Орусия, Кытай жана Индия Трампка каршы биригүүдө

 

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Орусия, Кытай жана Индия лидерлери көрсөткөн биримдик АКШ президенти Дональд Трамптын тышкы саясатына чакырык болуп эсептелет.

"Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин кол кармашкан көрүнүшү "эң сонун даярдалган сахналаштырылган көрүнүш" деп бааланууда. Бирок бул көрүнүш Батышта тынчсыздануу жаратты",- деп билдирет Австралиянын Lowy институтунун аткаруучу директору Майкл Фуллилав.

Фуллилавдын айтымында, Трамптын Владимир Путинге жумшак мамилеси Орусияны Кытайдан алыстаткан жок. Ал эми Нарендра Модиге карата катуу мамилеси Индияны Орусияга жакындатууга жана Кытай менен мамилелерин бекемдөөгө түрткү берүүдө.

Axios басылмасы билдиргендей, үч лидердин кол кармашып турган сүрөтү символикалык мааниде "согуштук сокку" болуп, Трамптын Орусия, Индия жана Кытайды бир-биринен алыстатуу аракеттери натыйжа бербегенин көрсөтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: