super.kg logo

Бишкекте чет элдиктерге документ жасап берүүгө шектелгендер кармалышты

 

Бишкекте чет элдик жарандарга жасалма документтерди жасоо менен алектенген деген шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 96 чет өлкөлүк иштеп жаткан тигүү цехтеринин биринде текшерүү иши жүргүзүлгөн. Алардын 37си жасалма визалык документтерди колдонуп жүрүшкөнү аныкталган. Ошондой эле аларга жасалма эмгек визаларын даярдап бергендер да такталган.

Натыйжада шектүү делген 36, 35, 33, 30 жана 20 жаштагы жарандар кармалган. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 379-берене (Документтердин жасалмасын жасоо) жана 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иштери козголгон.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 35, 33 жана 20 жаштагы шектүүлөр тергөө абагына 2 айга камакка алынышса, 36 жана 30 жаштагылар үй камагына алынган. Мындан тышкары, тинтүү иштеринин жыйынтыгында 200дөн ашык жасалма виза, ар кандай техникалык каражаттар жана банк карталары табылган.

"Бул факт боюнча 7ден ашык арыз келип түшкөн. Анда ар бир жасалма виза үчүн 1800 доллар акы алышып, мыйзамсыз визаларды даярдап жүрүшкөн. Жалпы келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 35 миллион сомду түзгөн",- деп айтылат маалыматта.






02.09.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: