super.kg logo

Полковник баш болгон милициянын 4 кызматкери кармалды (видео)

 

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын жетекчилигиндеги адамдар коррупциялык схема уюштурган деген шек менен кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилигинин күзөт полкунун катардагы кызматкерлери системдүү түрдө акча чогултуп келишкенин белгиледи. Аталган бөлүмдүн айрым жетекчилери көп жылдар бою карамагындагы кызматкерлерден коммерциялык объекттерде күзөт кызматын көрсөтүү боюнча кызматтык кошумча иштерди жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн акча алып келгендиги боюнча далилдер алынган. Кызматкерлер расмий түрдө кошумча кызматтык айлык акы алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн кирешесинин бир бөлүгүн абийирсиз жетекчиликке өткөрүп берүүгө аргасыз болуп келишкен.

Опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Биринчи май районунун күзөт бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги А.Б. 110 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Ошондой эле бул коррупциялык схемага Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги О.С.нын да катыштыгы бар экендиги аныкталган. Анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда 46 миң доллар жана 5 миллион 890 миң сом табылган. Шектүү акчаларды кантип тапканын түшүндүрө алган эмес. Ошондой эле 9х17 миллиметр калибриндеги 32 даана эсепке алынбай калган ок-дарылар табылган.

Мындан тышкары, бөлүмдүн улук инспектору, милициянын капитаны Ч.Б. жана взводдун командири, милициянын ага лейтенанты М.Э. аталган коррупциялык схемаларга катышкандыгы боюнча шектүү катары кармалышкан. УКМК бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: