super.kg logo

БАЭ жер титирөөдөн жабыркагандарды издөө үчүн Ооганстанга жардамчы топ жөнөттү

 

Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) Ооганстанга жер титирөөдөн жабыркагандарды издөөгө жана куткарууга жардамчы топ жөнөттү. Бул туралуу БАЭнин WAM маалымат агенттиги билдирди.

Маалым болгондой, БАЭ Абу-Даби жарандарынын коргоо башкармалыгынын, Улуттук гвардиянын жана Биргелешкен оперативдик командасынын курамындагы издөө жана куткаруу жүргүзүүчү топту тез арада Ооганстандын чыгышындагы жер титирөөнүн жабыркагандарына жардам берүү үчүн жөнөттү.

Ошондой эле БАЭ азык-түлүк, дары-дармек жана чатыр сыяктуу негизги керектүү товарларды жеткирди.

Tolo news маалымат порталы 2-сентябрда кабарлагандай, Ооганстандын чыгыш жана борбордук аймактарындагы жер титирөөнүн натыйжасында 800дөн ашык адам көз жумуп, болжол менен 3 миңден ашык адам жаракат алган.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Кунар провинциясынын Мазар, Чауки жана Нургүл райондоруна бара турган жолдор жер көчкүдөн улам бөгөлүп, куткаруу иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: