"Мэр агай, апамды ишке киргизиңизчи". Токторбаев кичинекей кыздын суранычы боюнча тапшырма берди
Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевден апасына жумуш сураган кичинекей кыздын видеосу тарап жатат.
Анда ал: "Мэр агай, менин апам ишке кире албай жүрөт. Ишке киргизип коюңузчу" деген. Токторбаев кыздан апасын сурады. Кичинекей кыз тез эле апасын чакырып келди. Мэр андан кайсы тармакта жумуш орун караштырып жүргөнүн сурады. Ал дарыканада эмгектенгиси келерин айтып, Токторбаев кол алдындагыларга кайрылган жаранга жардам берүүнү тапшырды.
Видео "Келечек" балдардын чыгармачылык борборунун ачылышында тартылган.
02.09.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:02
2025-09-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.