Си Цзиньпин Орусия менен Кытайды Экинчи дүйнөлүк согуштагы негизги жеңүүчүлөр деп атады
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда Орусия менен Кытайды Экинчи дүйнөлүк согуштагы негизги жеңүүчүлөр деп атады.
"9-май жана 3-сентябрь күндөрү биз бири-бирибиздин өлкөлөрүбүздө Жеңиш майрамдарын чогуу белгилеп келебиз. Бул жакшы салтка айланды",- деди Си Цзиньпин.
Ал бул салт Кытай менен Орусиянын тарыхый чындыкты коргоо жана согуштун жыйынтыктарын сактап калуу боюнча чоң жоопкерчилигин көрсөтөрүн белгиледи. Кытай лидери кошумчалагандай, мындай биргелешкен майрамдар эки өлкөнүн тарыхый адилеттүүлүктү жана эл аралык тынчтыкты коргоого болгон бекем ниетин чагылдырат.
Белгилей кетсек, кечээ, 1-сентябрда Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити аяктады.
Эртең, 3-сентябрь күнү Бээжиндин борбору Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган аскердик парад өтөт. Бул иш-чарага 20дан ашык лидерлердин катышары күтүлүүдө. Алардын арасында мамлекет башчы Садыр Жапаров да бар.
