АКШнын каржы министри Путинди Украинадагы согушту күчөттү деп айыптады
АКШнын каржы министри Скотт Бессент Орусия президенти Владимир Путинди Аляскадагы жолугушуудан кийин Украинаны бомбалоону күчөттү деп айыптады. Бул тууралуу Бессент Fox News телеканалына берген маегинде айтты.
Министрдин айтымында, Путиндин аракеттери Дональд Трамп менен тарыхый жолугушууда айткан ниеттери менен дал келбейт.
Бул жагдайдан улам Вашингтон Орусияга каршы бардык мүмкүн болгон санкцияларды караштырып жатат. Америкалык каржы министри Москваны санкциялоо боюнча Трамп менен бардык варианттар каралышы мүмкүн экенин белгиледи.
"Бул аптада аларды абдан кылдаттык менен карайбыз деп ойлойм",- деди Бессент.
15-августта Трамп Аляскадагы Анкорижде Путин менен саммит өткөрүп, үч сааттык сүйлөшүүнүн "маанилүү ийгиликке" алып келгенин белгилеген. Макулдашууга жетишилбесе да, "эми баары Зеленскийден көз каранды" деп айткан.
18-августта Зеленский Трамп менен согушту токтотуу маселесин талкуулоо үчүн Вашингтонго барган. Украина президенти Киев менен өнөктөштөрү тез жана ишенимдүү түрдө согушту токтотууну каалай турганын белгилеген.
Европалык лидерлер менен Ак үйдө сүйлөшкөндөн кийин Трамп Кремлге телефон чалган. Путин менен сүйлөшүүдөн кийин Трамп Орусия жана Украина ортосунда эки тараптуу формат сунушталарын, андан кийин АКШ катышкан үч тараптуу форматка өтүлөрүн айткан.
28-августта Орусия Киевге ракета чабуулун жасаган. Чабуулдун курмандыктарынын саны 20дан ашты, алардын ичинде балдар, студенттер, дарыгерлер жана маданият кызматкерлери бар.
31-августта Трамп Орусия жана Украина лидерлеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнө ишенбей турганын билдирген.

