super.kg logo

Токмоктогу бала бакчанын курулушу текшерилди

 
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй облустук башкармалыгы тарабынан курулуш объекттериндеги курулуш нормаларынын жана талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Текшерүүнүн алкагында Токмок шаарынын Достук көчөсүндө курулуп жаткан бала бакчанын терезеси жана кыштары сапатсыз орнотулгандыгы аныкталды.
Аталган объектке акт түзүлүп, подряддык уюм “Эльдияр строй” ЖЧКсына сапатсыз тургузулган бөлүктү демонтаждоо, ишти долбоордук чечимдерге жана курулуш нормаларына ылайык келтирүү боюнча эскертүү берилди.
Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылды.
Учурда бала бакчанын курулушу башкармалык тарабынан көзөмөлдө турат. Аныкталган кемчиликтер жоюлмайынча объект пайдаланууга берилбейт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: