super.kg logo

Чыныгы аты Жахид. Ырчы Жони тууралуу кызыктуу маалыматтар

 

Жони аттуу таланттуу ырчы 2019-жылы чоң сахнага чыгып, ошол эле замат күйөрмандардын чоң аудиториясынын жүрөгүн багындырган эле. Ал ырларынын терең мааниси жана өзүнүн келишимдүү келбети менен көптөгөн күйөрмандарды аз убакыттын ичинде эле топтоп алган. Бул макалада ырчы тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.

Жонинин чыныгы аты Жахид Афраил оглы Гусейнли. Ал 1996-жылы 29-февралда төрөлгөн. Болочок ырчынын балалыгы Бакуда өткөн, бирок кийин анын үй-бүлөсү Москвага көчүп кетип, атасы бизнес менен алектенген. Анын жалгыз бир тууган байкеси бар. Орусияда көп адамдын Жахид деп айтканы тили келген эмес, ошол себептен анын апасы үч жашынан баштап жөн эле "Жони" деп атап баштаган. Бул ысымды баланын сүйүктүү "Жонни Браво"мультфильминен алган.

Жони 6 жашында мектепке барган. Аны мектепке мугалимдер алгысы келбей, кабылдашкан. Анткени бала орус тилин такыр билген эмес. 3 айдын ичинде катуу аракет кылып сүйлөп баштаган. Мектепте жакшы окуган. Ал билим алуунун алгачкы этабында эле вокалдык таланты менен мугалимдерди таң калтырган. Тогузунчу класска келгенде, бала музыкага олуттуу киришүүнү кааларын түшүнүп, кыялдарын ата-энеси менен бөлүшүүнү чечкен.

Жонинин атасы уулунун каалоосуна кайдыгер мамиле жасап, аны Мамлекеттик башкаруу университетинин эл аралык бизнес факультетине тапшырууга көндүргөн. Алардын жеке бизнеси бар, атасы баласын ошол тармакта жардам берүүсүн каалаган. Университетти аяктагандан кийин атасынын фирмасында иштей баштаган. Жахид студенттик жылдарында ырчы болууну чечип, 22 жашында атасынан бата сурап, артисттин жолун жолдогон.

Белгилей кетсек, Жони университетте окуп жүргөндө музыканы калтырган эмес. Ал көп учурда популярдуу ырларды ырдап, алардын кавер версияларын Instagram баракчасына жүктөп жүргөн. Ал кезде болочок жылдыздын катталуучулары аз болгон, бирок Жонинин бир нече жаздыруулары Raava Music лейблинин мүчөсү, Элман деген ат менен белгилүү Элман Зейналовдун көзүнө илинген. Жигиттин талантын байкаган Элман аны чогуу иштешүүгө чакырган.

Жонинин жылдыз болушу "Raava Music" демөөрчүлүгү астында башталган. Бир нече жеке тректерди жаздырган. Кийин HammAli & Navai менен кызматташуусу уланган. "Без тебя я не я" треги YouTube'да 100 миллионго жакын көрүүнү топтогон. Ошентип ырчынын андан кийинки ырлары биринин артынан бири хит боло баштаган.

YouTube'да анын бардык жаңы видеолорун "Zhara Music" каналынан көрүүгө болот. Анын "Пустой стакан" ыры 10 айдын ичинде 19 миллион көрүүгө ээ болгон. "Звезда" трегин 8 айда 11 миллион адам уккан. "Friendzone" композициясын 35 миллион адам уккан. YouTube сайтында "Аллея" ыры 45 миллион жолу көрүлгөн.

Жони жеке жашоосу тууралуу эч нерсе айтпайт. Жигит үчүн анын тандап алган сүйүктүүсү үй-бүлөсүн жакшы көрүүсү абдан маанилүү. Ошондой эле анын апасын ыраазы кылуусу керек.

Ырчы бир маегинде Зейн Малик, Бруно Марсты укканды жакшы көрөрүн айткан. Ал аялдарга караганда эркектердин вокалын жакшы көрөт. Бирок, бош убактысында Жони Кристина Агилера, Джесси Джейди угат. M’dee’нин чыгармачылыгын баалайт.

Жони достору менен көп убакыт өткөрөт. Кальян чеккенди, киного барганды жакшы көрөт. Кээде балдар менен футбол ойнойт.

Ал кышында бир-эки ай достору менен Балиге барып, кышкысын ошол жерде өткөрүүнү кыялданат. Жони кышты жаман көрөт.

Буга чейин, ал көп убакыт машыгуу залында убакыт өткөрчү, бирок кийин таштап койгон.

Бир жолу маегинде Жониден жылдыз оорусу менен "ооруп калуу" мүмкүнчүлүгү барбы деп сурашкан. Ырчы бул мүмкүн эмес деп жооп берген. Жахид эч качан мындай көйгөйгө туш болбой турганына ишенет жана бул үчүн үй-бүлөсүнө, досторуна рахмат айтат.

2019-жылы таланттуу вокалист биринчи концерттик туруна чыккан. Ырчы жаңы жеке альбомун чыгарууну кыялданат. Жони бардык тректерин өзү жазат, бирок ага бит жасоого жардам берген үн продюсери менен кызматташат. Алгач вокалист жаңы ырын жакын досторуна көрсөтөт. Алардын пикиринде, аткаруучу YouTube сайтына жаңы синглди жарыялоодон мурун биринчи кезекте эске алат.

Жони ошондой эле англис тилиндеги ырларды жазып, батыштын аудиториясын багынтууну кыялданат. Вокалист англис тилинде сингл жазуу ал үчүн көйгөй эмес экенин айткан. Ал үчүн чет элдик угуучунун көңүлүн бура турган, башкача айтканда, "хит" кыла турган чыгарманы ойлоп табуу маанилүү.

“Аллея” деген ырын 20 мүнөттө жазган. Жони 30дан ашык соло тректерди, 19 дуэт жана 2 ремиксти чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: