super.kg logo

Алайдагы окуя: Үч кытайлык жаран кармалды

 

Кечээ, 1-сентябрда Ош облустук милициясы Алайдын Нура айылында жайгашкан унаа токтотуучу жайда ИИМдин күзөтчүлөрү менен Кытайдын жарандарынын ортосунда чыр чыкканын маалымдаган.

Анда Кытайдын оор жүк ташуучу унааларынын айдоочулары менен Күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда түшүнбөстүк жаралып, кызматкерлер асманга эскертүү иретинде 3 жолу ок чыгаргандыгы айтылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катыштыгы бар делген Кытайдын 9 жараны жана Күзөт бөлүмүнүн 2 кызматкери суракка алынган. 6 кытайлык мас абалда экени аныкталган.

Бүгүн, 2-сентябрда облустук милиция чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Суракка алынган 6 чет өлкөлүктүн үчөөсү камакка алынды.

Учурда окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: