super.kg logo

Салык кодексинде өзгөртүүлөр күчүнө кирди: Такси айдоочулары менен курьерлер эми киреше салыгын маалымат сервиси аркылуу төлөшөт

 

Яндекс Go такси айдоочулары жана курьерлер үчүн салык агенти болуп калды.

2025-жылдын 1-сентябрынан баштап Кыргызстанда Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди жана ага ылайык маалыматтык системаларга салык агенти деген статус ыйгарылды. Эми алар жеке адамдардын (айдоочулар менен курьерлердин) кирешесинен 1% киреше салыгын жана 1% камсыздандыруу төгүмдөрүн кармап калып, бюджетке чегерүү талабы коюлду.

Мыйзам талап кылгандай, жеткирүү жана ташуу буйрутмаларын аткаргандардын кирешесинен 2% кармала баштагандыгын, Яндекс Goнун басма сөз кызматынан тастыкташты. Яндекс Go сервистик кызматында 2025-жылдын июль айында 100 миң активдүү айдоочу жана курьерлер - жок дегенде бир жолу буйрутма аткарып кызматташкан.

Жаңы тартип аткаруучуларды патент сатып алуу же жеке ишкер катары катталуу жана салык отчетун өз алдынча тапшыруу зарылдыгынан бошотот. Киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн которуу боюнча бардык милдеттенмелер сервистик кызматка жүктөлөт.

Өзгөртүүлөр салыктык башкарууну жөнөкөйлөштүрүп, ташуу жана жеткирүү чөйрөсүндөгү ачыктыкты жогорулатууга тийиш болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: