Германиянын гимни жана желеги өзгөрүшү мүмкүн
Бундестагдын вице-спикери жана "Солчу" партиянын (Die Linke) мүчөсү Бодо Рамелов Германиянын гимни жана желегин өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Rheinische Post гезитине берген интервьюсунда билдирди.
Анын айтымында, көптөгөн чыгыш немистери ар кандай себептер менен улуттук гимнге кошулуп ырдашпайт. Ошондуктан Рамелов гимнди 1950-жылы акын жана драматург Бертольт Брехт тарабынан жазылган "Балдардын гимни" менен алмаштырууну сунуштады.
Азыр Германиянын гимни катары 1841-жылы Гофман фон Фаллерслебен тарабынан жазылган жана Йозеф Гайдн музыкасын койгон "Немистердин ыры" колдонулат. Учурда Германияда гимндин болгону үчүнчү куплети гана аткарылат, анткени биринчи эки куплет нацисттик доордо немистин үстөмдүк идеологиясы менен байланышкан.
Мындан тышкары, вице-спикер өлкөнүн желеги боюнча да ой бөлүштү. Ал кара-кызыл-сары түстөр тоталитардык түзүмдөрдөн баш тартууну символдоштурса да, "көптөр үчүн ал дагы жат нерсе бойдон калууда" деп эсептейт.

