"Жумуш орундарын алдырып жатабыз". Депутат мигранттарды өлкөгө кайтаруу керектигин айтты (видео)
Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Жумабеков чет жакта жүргөн эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгууну сунуштады.
Ал учурда өлкөдө жетишерлик жумуш орундары түзүлүп жатканын белгиледи. Эл өкүлү буга Кыргызстанга чет өлкөлүктөр келип иштеп жатканын мисал кылды.
"Жол куруу, курулуш тармактарында чет элден келгендер иштеп жатышат. Айылга барсаң, ал жакта да мал багып жүрүшөт. Демек, биздин мамлекетте иш орундары ачылып жатат. Завод, фабрикалар ачылып, ал жактарда да чет өлкөлүктөр иштеп жатат. Биздин чет жактагы мекендештерибиз Кыргызстанда жумуш жок деген ойдо жүрүшөт. Андыктан сыртта жүргөн мекендештерибизди өлкөдөгү бош орундар тууралуу кабардар кылып, аларды чакыралы. Атпесек жумуш орундарын башка өлкөдөн келгендерге алдырып жатабыз",- деди Жумабеков.
Жогорку Кеңеш 02.09.25.


