Ондон ашык өлкөнү велосипед менен кыдырган Марат менен маек
Африка континенти — айлана-чөйрөсү, жаратылышы жана чокулары менен туристтердин жана авантюристтердин кыялын орундатып келет. Бул континентте велосипед менен саякаттап, Килиманжаро чокусуна көтөрүлгөн кыргызстандык жигиттердин окуясы — чыныгы эрдик, чыдамкайлык жана достуктун үлгүсү. Мурунку чыгарылышта Африка жолдорундагы кыйынчылыктарга карабай велосипед менен саякаттап жүргөн Ырыскелди менен маек курганбыз. Ал бул саякат идеясы досуна таандык экенин айткан. Бул жолу биз анын досу Марат Ниязмат уулу менен порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын алкагында сүйлөштүк.
Марат Ниязмат уулу Баткен облусунун Лейлек районундагы Акарык айылынан болот. 1995-жылы Бишкекте төрөлгөн. Ата-энесинин жумушуна байланыштуу Баткен-Бишкек ортосунда көчүүлөрдөн улам, кичинекей кезинен эле өлкө ичинде саякаттап, көп мектеп которуулар болгон. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү. Мектепти бүтүргөндөн кийин Кыргыз улуттук университетине IT багыты боюнча тапшырган.
- Саламатсызбы, Марат мырза! Кандайсыз? Сизге да досуңузга берген суроону эле бергим келип турат. Эмне үчүн велосипед?
- Саламатсызбы! Жакшы, шүгүр. Велосипед менен саякаттоом мындан 5 жыл мурун башталган. Анда Ысык-Көлдү айланып келейин деп чечкем. Жөө кыдырайын десем акырын, автобус менен айланайын десем бат болуп калат. Эч нерсени деле сезбей каласың деп велосипед менен саякаттоону туура көргөм.
Ал убакта велосипедим деле жок болчу. Досумдукун алып сапарга чыккам. Биринчи баштаганда "кантип жетем?" деген ой пайда болуп, белгисиздик сезими бир аз кыжаалат кылган. 1 күн өттү, 2 күн өттү, көнүп да калдым. Ошентип Караколго жетип барганда өзгөчө сезимдер пайда болду. "Ушинтип сен билбеген, көрбөгөн жерлерге жетсе болот турбайбы" деп ойлонуп калгам.
5 күндө көлдү толук айланып бүттүм. Мага аябай жакты. Жаратылышка суктанууга кеңири мүмкүнчүлүктөр болот экен. Үйгө кайтып келгенде кийинки жылы да сөзсүз ушинтип саякаттайм деп ниет кылып койгом.
Анан билинбей арадан 4 жыл өтүп кетиптир. Бул жолкусунда Кыргызстандын түштүк тарабына багыт алдым. Жаңы велосипед алып Бишкектен Ошко жолго чыктым. Тажрыйбам жок да, жөнөкөй эле велосипед алып алыптырмын. Узак жолго атайын велосипеддер болорун кийин билдим.
Ошко жетип, ал жактан кайра Ысык-Көлгө жаңы жол менен сапар алдым. Жолдо Кыргызстанды эле эмес, чет өлкөлөрдү да ушинтип кыдырсам кандай болот деген ой жаралды. Ошентип отуруп велосипед менен саякаттоого кызыгуум артып кетти.
- Сонун экен. Анан кайсы өлкөлөрдү кыдырдыңыз велосипед менен?
- Өлкө ичин велосипед менен кыдырып шыктанып калган соң Казакстанга өттүм. Ал жактан Орусияга бардым. Орусиянын карамагындагы республикаларды да кыдырдым. Аларды атап өтсөм: Калмыкия, Дагестан, Чечен республикасы, Ингушетия, Түндүк Осетия. Орусиядан Грузияга барсам киргизбей коюшту. Анан Азербайжанга бардым. Кийин Иранды кыдырдым.
Андан сырткары Бириккен Араб Эмираттарына бардым. Ал жактан Сауд Арабиясына өттүм.
Бул жылдын башынды болсо Африка сапарымды баштадым. Бул жактагы өлкөлөрдү атай кетсем: Марокко, Батыш Африка, Мавритания, Сенегал, Гамбия, Кения, Уганда, Руванда, Танзания. Учурда Танзаниянын Занзибар аралындабыз.
- Африка сапарыңыз качан башталды?
- Мен бул жакта февраль айынан бери жүрөм. Биринчи Мароккого учуп келгенбиз. Анда Алтынбек деген досум менен келгем. Мароккодон Мавританиянын борбор шаарына чейин велосипед менен келдик. Ошол шаарда 1 айга кармалып калдык. Анткени Сенегалга виза алуу кыйын болду. Ал жакта Алтынбек досум калып, билим алып, кайра артка кайтууну туура көрдү. Мен болсо өз жолумду уладым.
Сенегалга өттүм, андан кийин Гамбияга келип ойлондум. Африканын ал тараптары виза алууга оор экен. Ар бир мамлекетке виза алууга 1 айлап күтүүгө убакыт көп кетип калат деп, Африканын чыгыш тарабына учуп келдим. Ошентип Кениянын борбору Найробиге учуп келдим. Ал жактан Угандага келип, Ырыскелди менен жолугуп, ошондон бери чогуу саякаттап келип жатабыз.
- Алдыга койгон пландарыңыз менен бөлүшсөңүз.
- Биз азыр турган жерибизден бүтүш чекитибизге чейин 5 миңдей чакырым бар. Бул визаларды оңой алып калсак 2-3 айды талап кылат.
Африка сапарыбыз бүткөндөн кийин мекенге кайтабыз. Жакындар, туугандар, достор менен убакыт өткөрүп, эс алабыз. Андан кийин шартка жараша маршруттарды изилдеп, чек араларды карап, башка өлкөлөргө план түзөбүз.
- Жакында эле жеке жашооңузда кызыктуу жаңылык болуптур, Люси аттуу кыз менен таанышып, жылдыздарыңыз келишип калган окшойт. Катталуучуларыңыздын арасында да бул суроо көп берилип, учурда кызуу талкуу болуп жатыптыр. Ошол тууралуу айтып бербейсизби?
- Ооба, Люси менен мен Занзибарда пляжга баратып тааныштым. Сүйлөшө келсем тарбиясы жакшы, сонун кыз экен. 2-3 жолу жолуктук. Көңүлүмө туура келди. Учурда сүйлөшүп жатабыз.
Бирок мен жолумду дагы улайм да. Онлайн сүйлөшүүнү улантабыз. Баары жакшы болуп кетсе Кыргызстанга алып кетем деген ойлор бар.
- Досуңуз Ырыскелди мырза велосипед тепкен күндөрдү эсептейбиз деп айтты эле. Сиздики велосипед менен канчанчы күнүңүз бүгүн?
- Бүгүн 87-күнүм. Бирок келгениме 6 айдын жүзү болуп калды.
- Африкада ооз ачар уюштурганыңызды көрдүм баракчаңыздан. Бул идея кантип жаралды?
- Ооз ачар өткөрүү идеясы башында маршрут түзүп жатканда бар болчу. Бул жакта жүргөндө орозо айы башталганда демөөрчү компаниялар акча которуп, биз уюштурган элек. Аны видеого тартып жүктөп койсом, бизге көпчүлүгү акча которобуз, биз дагы кошулабыз деп жазып, акча которуп жатышты. Ал акчаларга суу муктаждыктарын жоюу максатында суу ташыган унааларды чакырып, суу менен камсыздап, Куран китептерин тапшырдык. Биздин бул иштерибизди байкашып, Мавританиянын улуттук телеканалына интервьюга чакырышып, мактоо грамоталарын беришти.
Мавританияда ушундай берекелүү күндөрүбүз өттү. Жакшы иштерге себепчи болгон кыргыз элиме чоң ыраазычылык билдирем.
- Эң сонун! Кызыктуу маек үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз Марат мырза!
кошулду
Марат Ниязмат уулу
