Үч өлкөнүн чек арасы тогошкон жерде окко учкан эки кыргыз жигити жерге берилди
Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын чек арасы тогошкон жерде каза болгон эки кыргыз жараны бүгүн Чаткалда жерге берилди.
Маалыматка ылайык, алар 27 жана 22 жаштагы жарандар болгон. Алар бир туугандардын балдары болгону, 12-августта мал издегени кеткен бойдон келбегени айтылды. 27 жаштагы жарандын артында 4 баласы калды
Эске салсак, 25-августта укук коргоо органдарына Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургундары дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 28-августта өзбек тараптын чек ара өкүлдөрү менен болгон жумушчу жолугушууда коңшу тарап 15-августта Өзбекстандын аймагынан үч өлкөнүн чек аралары кошулган жерде белгисиз эки жаран байкалганын билдирген.
Өзбек тарап алар кармоо аракетине баш ийбегендиктен курал колдонулганын маалымдаган. Натыйжада эки жаран тең октон жаракат алышкан. 31-августта дайынсыз жоголгон кыргызстандыктардын жакындары Өзбекстанга барып, маркумдардын өздүгү такталган. 1-сентябрда "Баймак" посту аркылуу эки кыргызстандыктын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп, Кербен шаарындагы өлүкканага экспертизага жеткирилген.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери 2-сентябрдан баштап жеринде биргелешкен иликтөө жүргүзүүнү макулдашкан. Мындан тышкары өзбек тарап каза болгон жарандардын табылган мүлкүн, тагыраагы, үч жылкыны жана бир чатырды Кыргызстанга өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.
Чек ара кызматы болуп өткөн окуяга терең тынчсыздануусун билдирип, кыргызстандыктардын өлүмүнүн жагдайлары боюнча комплекстүү иликтөө иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.
