Ырчы Аяна Касымова уулдуу болот (видео)
Ырчы Аяна Касымова уул күтүп жатканын жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
"Анын пайда болушу менен мен өзгөрдүм. Жумшагыраак, сулуураак болуп, айланадагыларды тереңден сезем. Ал мени аял, апа кылууда. Менин балам, сени күтөм. Сен мен үчүн аябай маанилүүсүң. Мени тандаганыңа рахмат",- деп жазды ырчы айым.
Эске салсак, буга чейин Касымова кош бойлуу экенин айтып, кубанычы менен тең бөлүшкөн.
"Жашоомдогу эң маанилүү жаңылыктар менен бөлүшүү үчүн көптөн бери сөз издеп жүрдүм. Жүрөгүңдүн астына жаңы жашоону алып жүргөндөн өткөн кызыктуу эч нерсе жоктой сезилет.
Менин жүрөгүм азыр эки ритмде согот. Ар бир күн жаңы сезимдер, толкундануу, үмүт жана кыялдар менен коштолот. Жана мен бул үчүн Кудайга чексиз ыраазымын. Мени колдогон инсандарга чоң рахмат",- деп билдирүү калтырган ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында.
видео

