super.kg logo

Путин: "Украина өзүнүн коопсуздугун өзү камсыз кылышы керек"

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Украина өз коопсуздугун кантип камсыз кыларын өзү чечиши керек экенин билдирди.

"Албетте, коопсуздукту кантип камсыз кылуу Украинанын өзүнүн чечими. Бирок бул коопсуздук, Европадагы коопсуздук боюнча негизги документтерде жазылгандай, башка өлкөлөрдүн, айрыкча Орусиянын коопсуздугуна зыян келтирүү менен камсыздалышы мүмкүн эмес",- деди Путин Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен болгон жолугушууда.

Путиндин айтымында, Киев Украинанын инфратүзүмүнө оор соккуларга жооп кылып Орусияга зыян келтирүүгө аракет кылууда, бирок бул зыян Москванын өнөктөштөрүнө да тийип жатат.

"Биз узак убакыт бою украин аскерлеринин энергетикалык объекттерибизге үзгүлтүксүз сокку уруусуна чыдадык. Андан кийин жооп кайтара баштадык. Албетте, биз жоопту катуу беребиз. Бул чындык. Жооп катары украин тарап бизге зыян келтирүүгө аракет кылууда, бирок биздин өнөктөштөрүбүзгө да зыян тийгизүүдө",- деп билдирди Путин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: