"Анын чечен экенин билчү белеңер?". Кадыров Трамптын жасалма видеосун жарыялады (видео)
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram-каналында жасалма интеллект менен жасалган АКШнын президенти Дональд Трамптын видеосун жарыялады.
"Силер Дональд Трамптын чечен экенин билчү белеңер? Ал өзү бул тууралуу ырастап койду. Өз тамырларын унутпайм деп убада кылууда",- деп жазды Кадыров.
Видеодо Трамп чечен элинин улуттук кийимин кийип, АКШнын Ак үйүнүн алдында чеченче сүйлөп жатканын байкоого болот.
Орус басылмалары видео боюнча Трамптын айтканын жазышты. Анда: "Мен чеченмин... Атым Доналд Тромпаев. Апам Рошни-Чудан, атам Мартандан (бул чечен айылдары)",- деп айтылат видеодо.
Эске салсак, өткөн жылы Кадыров Tesla Cybertruck унаасы тууралуу видео жарыялаган. Анда чечен лидери Илон Масктан белек катары унаа алганын билдирген. Бирок Илон Маск Кадыровго Cybertruck белек кылбаганын айткан. Көп өтпөй Кадыров Масктын белек кылганы тууралуу маалымат тамаша экенин билдирген.
трамп
