Изилдөө: Гель-лак колдонуу тукумсуздукка алып келет
Гель-лактар дүйнө жүзү боюнча бир нече жылдан бери популярдуу экени маалым. Бирок окумуштуулар алардын курамында өтө коркунучтуу зат бар экенин аныкташты. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, маникюр үчүн колдонулган гель-лактардын курамында ден соолукка өтө коркунучтуу заттар болушу мүмкүн, алар тукумсуздукка алып келиши ыктымал.
1-сентябрдан тартып Евробиримдикте ТПО менен жасалган гель-лактардын колдонулушуна тыюу салынды. ТПО – бул триметилбензоил дифенилфосфин оксид деген зат. Изилдөөлөр ТПО репродуктивдик ден соолукка коркунучтуу экенин жана тукумсуздукка себеп болорун тастыктады.
ТПО гелдин ультрафиолет лампанын астында катуу болушуна шарт түзөт. Ал каптаманын бекемдигин жана узакка чыдамдуулугун камсыздайт.
Катуу абалда болгондо ден соолукка коркунучу аз деп эсептелсе да, европалык адистер бул затты косметикада колдонууга толугу менен тыюу салышты.
Эксперттер "уулуу элементтери жок" деген белгиси бар лактарды гана колдонууну сунуштоодо.

