Ошто жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алуу болду





Бүгүн, 2-сентябрь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев облус аймагынан келген жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.
Кабыл алууда тургундар негизинен жер тилкеси, турак жай, таштанды талаасы, жол, мыйзамсыз курулуш, талаш маселесин чечүүгө көмөктөшүү жана материалдык жардам алуу сыяктуу социалдык маанилүү маселелерин көтөрүштү.
Өкүлдүн орун басары ар бир кайрылууну жеке угуп, тиешелүү жетекчилер — акимдер жана айыл өкмөт башчылары менен түз байланышып, маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн тапшырмаларды берди.
Маалымат үчүн: Жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу ар аптанын шейшемби күнү, саат 14:00дө өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:32
2025-09-02
14:02
2025-09-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.