super.kg logo

Бишкек мэриясынын бөлүмдөрүнө атайын техникалар тапшырылды (фото) 

 

Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта шаар мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө 75 атайын техникаларды жана кызматтык унааларды салтанаттуу тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу калаа бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тапшыруу аземине шаар башчысы Айбек Жунушалиев катышкан. Анда ал атайын техникалар шаарды өнүктүрүү, тейлөө кызматтарын жакшыртуу жана шаар тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында берилип жатканын белгиледи.

"Биз муну менен эле токтоп калбастан, ишкана-мекемелерди техникалар менен жабдууну уланта беребиз. Сиздерге тапшырылып жаткан техникалар бюджеттин эсебинен алынган. Ошондуктан, аны жоопкерчилик менен пайдаланып, ишиңиздерге болгон мамилени дагы да жогорулатууга чакырам. Ар бир техника – бул шаарыбыз үчүн кызмат кылат, аны аярлап, туура пайдаланып, сапаттуу тейлөө көрсөтүү – ар бириңиздердин милдетиңиздер", - деди Жунушалиев.

Калаа башкармалыгы "Бишкексууканал" 21, "Бишкекасфальтсервис" 16, "Бишкекшаарлифт" 16, Бишкек шаардык транспорт 6 муниципалдык ишканаларына, муниципалдык инспекцияга 20 жана Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына 10 атайын техника бөлүнгөнүн тактады. Анын ичинде жүк көтөргүч, суу ташуучу унаа, автосамосвал, жүк ташуучу унаа, ошондой эле Chevrolet Cobalt, пикап жана башка унаалар бар. Техникалар шаардык бюджеттин жана ишканалардын өздөрүнүн каражатынын эсебинен алынган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: