super.kg logo

Аскада калган Наталья Наговицынага дагы бир дрон учурулду

 

Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Жеңиш чокусунда калып калган Наталья Наговицынага дрон аркылуу дагы бир жолу байкоо жүргүзүлгөнүн билдирди.

Айтымында, бүгүн, 2-сентябрда Түштүк Эңилчек базалык лагерине дрон учурулган. Ал жерде эки жолу кылдат байкоо жүргүзүлгөн. Бирок Наговицынадан жашоонун белгилери байкалган эмес.

"Мындан улам бардык куткаруу иштерин токтотууга мажбурбуз. Бардык видеоматериалдар (10 мүнөттөн ашык) жакынкы күндөрү анын уулуна жеке тапшырылат.

Кыргыз тарап альпинистти куткаруу үчүн болгон күчүн жумшады. Бирок ашынган бийиктик, катаал аба ырайы, тик учактын кооптуу конуу шарты жана куткаруучулардын абалы күтүлгөн натыйжага жетүүгө мүмкүндүк берген жок. Жеңиш чокусунда 7200 метр бийиктиктен бир да жолу ийгиликтүү куткаруу иши болгон эмес. Биз куткаруучулардын өмүрүн дагы да тобокелге салууга акыбыз жок эле", - деп жазды Кубатов.

Окуянын хронологиясы:

Быйыл Наталья Жеңиш чокусун багындырууга германиялык альпинист Гюнтер Зигмунд, италиялык Лука Синигилья жана орусиялык Роман менен чогуу чыгышат. Кайтып келе жатканда, тагыраагы, 12-августта Наговицына бутун сындырып алган. Ал 7 миң метрден жогорку бийиктикте, тамак-ашсыз жана жалгыз калган.

Зигмунд "Известия" басылмасына берген маегинде Лука менен чогуу Натальяга бир нече күнгө жетчү азык-түлүк калтырып кеткенин айтты. Бирок, анын айтымында, чокуда аба ырайынын начардыгынан аны куткаруу үчүн абдан оор кырдаал түзүлгөн.

16-августта Жеңиш чокусунан түшүү учурунда Германия жана Орусиядан келген эки альпинист жарандары жаракат алып, Италиянын жараны Лука каза болду.

19-августта казакстандык блогер чакырылып, альпинист калган чокуга анын дрону учурулган. Тартылган видеодо Наталья дронго кол булгалап, анын тирүү экени билинген.

Куткаруучулар бир нече жолу Натальяга жетүүгө аракет кылышкан, бирок 23-августта катаал аба ырайынан улам операция токтотулган.

26-августта Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда жаракат алып, калып калган орусиялык альпинист Наговицынаны куткаруу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Буга чейин альпинисттин уулу Михаил Наговицын Тергөө комитетинин төрагасына, Башкы прокурорго жана Орусиянын ТИМине кайрылып, апасына жардам берүүнү суранган. Ал билдиргендей, апасы менен байланыш үзүлгөндөн кийин бир жума өткөндө, видео аркылуу анын тирүү экендиги, кол булгалап, дагы деле күчүн сактап жатканы көрүнгөн.

27-августта Наталья Наговицынанын турун уюштурган "Ак-Сай Трэвел" туристтик компаниясы окуя боюнча билдирүү жасап, быйыл август айында Жеңиш чокусунда Борбордук Азия тарыхындагы эң татаал куткаруу операцияларынын бири жүргүзүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы орусиялык альпинист учураган өзгөчө кырдаалдагы кырсык боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп жатканын, чокуга чыгууну ишке ашырган туристтик компанияга да юридикалык баа бериле турганын маалымдады.

Альпинисттин курбусу Лия Попова "Комсомольская правда" басылмасына берген маегинде, Наталья "Ак илбирс" ардактуу төш белгисин алуу үчүн Жеңиш чокусуна экспедицияга барганын айтты.

"Өткөн жылы ал Жеңиш чокусуна чыгууга аракет кылган. Бирок гид кийин даярдануу керектигин айтып, артка бурулушкан. Жыл бою ал жөө жүрүш жөнүндө айтып жүрдү. Бул анын кыялы болгон. "Ак илбирс" төш белгисин алуу үчүн бешинчи 7 миң бийиктиктеги чокуну багынтуу болгон. Альпинисттер үчүн бул абдан престиждүү", - деген Попова.

29-августта орусиялык басылмаларда Наталья бутун сындырып алгандагы акыркы сүрөттөрү тарады. Анда Натальяны сынган буту менен кар үстүндө жылмайып отурган абалда көрүүгө болот. Жанында болсо аны куткарууга аракет кылып жатканда үшүккө урунуп, мээсине шишик кетип, оор азапта каза болгон италиялык альпинист Лука Синигилья болгон.

Натальянын жолдошу Хан-Теңири чокусуна бараткан жолдогу болжол менен 6400 метр бийиктигинде каза болсо, өзү Хан-Теңири менен кошуна жайгашкан Жеңиш чокусунун 7200 метр бийиктигинде калып калган. Каза болгондугу тууралуу расмий билдирүү жок. Бирок 27-августта Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинист айымды издөө үчүн аскердик дрон учурулганда тирүүлүктүн белгилери байкалбаганы айтылды.

Наговицынанын жоготуулары, оор сыноолору тууралуу шилтемеден окуй аласыз.







Наталья Наговицынага дагы бир дрон учурулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: