Эмгек министринин милдетин аткарып жаткан Сагынбаев Жалал-Абаддагы социалдык мекемелерди кыдырды







Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткарып жаткан Канат Сагынбаев Жалал-Абад шаарындагы бир катар социалдык стационардык мекемелерге барды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
Жалал-Абад шаардык психоневрологиялык мекемесинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн түзүлгөн шарттарды, анын ичинде балдардын жашоо жайларын, оюн бөлмөлөрүн, уктоочу бөлмөлөрүн, окуу класстарын, ашкананы, санитардык түйүндөрдү, кир жуу бөлмөсүн жана энергия менен камсыздоону текшерип көрдү.
"Жалпысынан абал жаман эмес, бирок түздөн-түз балдардын өздөрүнө көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Мисалы, мен санитардык түйүндөрдү көрүп жатам, бирок алар колдонулбай турат. Ошондуктан кызматтар балдарга толук көлөмдө көрсөтүлүшүн талап кылам. Формалдуу иш-аракеттер менен чектелбей, түздөн-түз балдар менен иштөө керек. Бул үчүн 142 балага кызмат көрсөткөн мекемеде 159 кызматкерден турган штат жетиштүү",- деди Сагынбаев.
Айрым аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чара көрүү тапшырылды.
"Ак-Жол" комплекстүү реабилитациялык борборунда учурда 21 бала – толук жетимдер, жарым жетимдер жана социалдык жетимдер реабилитациядан өтүп жатышат. Мекемени кароо жыйынтыгында Канат Сагынбаев лицензиялоо маселесин мыйзамга ылайык алып келүү жана балдардын жайгашуу шарттарын карап чыгуу боюнча тапшырма берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-09-03
14:47
2025-09-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.